Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:02

Жогорку Сот Мун сектасына байланыштуу ишти кароодо


Бүгүн Жогорку Сотто Мун сектасынын идеясын жайылтат делип тыюу салынган “Бүткүл дүйнөгө тынчтык үчүн” уюмунун арызы каралып жатат. Сотко аталган уюмдун, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын өкүлдөрү жана жарандык активисттер катышууда. “Бүткүл дүйнөгө тынчтык үчүн” уюмунун өкүлдөрү Бишкек шаардык соту чыгарган чечимди жокко чыгарууну өтүнүп жатат.

Буга чейин Свердлов райондук жана Бишкек шаардык соту Мун сектасын жайылтат деген уюмдарга Кыргызстанда иштөөгө тыюу салган. Аталган уюм өкүлдөрү кайрымдуулук менен алектенээрин, Мун сектасын жайылтууга тиешеси жоктугун билдирип келишет.

1954-жылы түптөлгөн Мун диний кыймылынын дүйнө жүзүнүн ар кыл өлкөлөрүндө миллиондогон жактоочулары бар. Кыймыл 1970-80-жылдары сектага киргендердин жапырт үйлөнүү тойлору менен белгилүү болгон. Мун чиркөөнү эл аралык алкакта ишмердик жүргүзүү үчүн да пайдаланган. (КЕ/UA)

XS
SM
MD
LG