Маянанын аздыгына байланыштуу шаардагы бош жумуш орундарына эч ким келбей жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” шаардык Эмгек, миграция жана жаштар башкармалыгынын башкы адиси Салима Исмаилова билдирди. Анын айтымында, аймактан четке кеткендердин негизги бөлүгү Орусияда. Андан кийинки орунду Казакстанга жана Түштүк Кореяга кеткендер түзөт. Европага жөнөп кеткендер да бар. “Орусия менен Казакстанга жөнөгөндөр арасында жарандык милдетин жана укугун талаптагыдай өздөштүргөндөр сейрек”, - дейт Исмаилова.
Ош шаарында расмий түрдө 23 миң жаран чет өлкөгө иштегени кеткен. Адистер бул сан иш жүзүндө мындан эки-үч эсе көп болушу ыктымал экенин айтышат. Башка мамлекетке иштегени кеткендердин так санын аныктоо үчүн шаардык Эмгек, миграция жана жаштар башкармалыгы жакында үймө-үй кыдырып, сурамжылоо жүргүзмөкчү. (КЕ/SE)