Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:18

Чаткалда кен казган кытайлар менен жергиликтүүлөр ортосунда чыр чыкты


Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районунун Сарай-Сай аймагында кен иштеткен “Альянс” Кытай компаниясынын кызматкерлери менен жергиликтүү тургундар чатакташа кетти.

Чаткалдын Кызыл-Токой айылынын башчысы Мирбек Тайралиевдин “Азаттыкка” айтымында, 23-июлда кечки төрттөр чамасында аталган компанияга ичүүчү сууну булгабагыла деп сүйлөшүү үчүн барган он кишини кытайлар сабап салышкан. Азырынча мушташта жабыркагандар тууралуу маалымат жок. Бүгүн 200дөй жергиликтүү тургун чогулуп, “Аяльнс” иштебесин деген талап коюшту.

Ушул учурда райондун акими, прокуратура өкүлдөрү, аймактык милиция башчысы окуя болгон жерге барып, кытайлар менен кыргыздарды элдештирүүгө аракет кылууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG