Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:00

Жети-Өгүздө жол кырсыгынан жабыркагандарга жардам берилет


Президент Алмазбек Атамбаев Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кытай айылында жол кырсыгынан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыр тарткандарга материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө буйрукка кол койду. Ага ылайык, Президенттин резервдик фондунан каражат бөлүндү. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

23-июлда күндүзгү саат төрт жарымдар чамасында Караколдон Жети-Өгүздүн Кабак айылына багыт алган кичи автобус жол кырсыгына учураган. Кырсык болгон учурда 10 адам мүрт кетип, 4 адам кийин ооруканада каза тапты. Учурда 8 адам Караколдогу облустук ооруканада жатат. Алардын ичинен бирөөнүн абалы оор экени айтылууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кичи автобустун айдоочусу катуу ылдамдыктан улам унааны башкара албай калганы кырсыкка себеп болушу мүмкүн экенин билдирди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG