Бүгүн эртең менен Чүй облусуна караштуу Жайыл районунда “Фоттон” үлгүсүндөгү күйүүчү май ташуучу унаанын айдоочусу Малик Шайдуллаев рулду башкара албай калып, жол кырсыгына кабылган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, жол кырсыгынын кесепетинен күйүүчү май ташыган прицеби жолго кулап, бир тонна солярка жолго төгүлгөн. Төгүлгөн соляркадан чөп өсүмдүктөрүнө жана жаратылышка зыян келтирилген эмес. Жабыркагандар жана каза болгондор жок. (КЕ)