ИИМдин бөлүмү жүргүзгөн “Кара куурай” деп аталган операция маалында райондун Терек-Сай айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Булак айылында мурда соттолгон пенсионердин эки гектар жер үлүшүнө өстүрүлгөн салмагы 3 тонна 55 килограмм болгон 3210 даана кара куурайдын көчөтү табылды. Бул өзгөчө жыты бар өсүмдүктөрдөн марихуана жана гашиш жасалат. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Буга байланыштуу Кылмыш кодексинин 250-беренесине ылайык кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат. (YA)
Буга байланыштуу Кылмыш кодексинин 250-беренесине ылайык кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат. (YA)