Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:11

Ысык-Көл: Жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду


Бул тууралуу “Азаттыкка” облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. Ошондой эле жол кырсыгында каза таап, буга чейин белгисиз болуп жаткан бир адамдын тек-жайы аныкталды. Ал 1962-жылы туулган, Жети-Өгүз районунун Богатыровка айылынын тургуну Алексей Семакин болуп чыкты. Мындан сырткары ушул жол кырсыкта жабыркаган беш жашар Г.Акылбекова реанимациядан палатага которулганын, абалы орто экенин “Азаттыкка” Ысык-Көл облустук оорукананын директору Токтобай Маанаевбилдирди. Жол кырсыгынан Акылбекованын апасы жана агасы каза тапкан.

23-июлда күндүзгү саат төрт жарымдар чамасында Караколдон Жети-Өгүздүн Кабак айылына багыт алган кичи автобус жол кырсыгына учураган. Кырсык болгон учурда 10 адам мүрт кетип, 4 адам кийин ооруканада каза тапты. Учурда 8 адам Караколдогу облустук ооруканада жатат. Алардын ичинен бирөөнүн абалы оор. (КЕ/МК)

XS
SM
MD
LG