Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:01

Египет: аскерий жетекчилик элди көчөгө чыгууга чакырды


Египеттин коргоо министри Абдел Фаттах Сиси жарандарды жума күнү террорго жана зордук-зомбулуктарга каршы демонстрацияга чыгууга чакырды. Ал бул тууралуу шаршембиде калкка кайрылып жатып билдирди. Аскерий жетекчи Египеттин калкы демонстрация аркылуу аскерлерге терроризмге жана зордук-зомбулукка күрөшүүгө ишеним көрсөтүшү керектигин белгиледи.

Буга чейин Абдел Фаттах Сисинин жетекчилиги алдында 3-июлда президент Мухаммед Мурсини бийликтен кулатылган. Мурси учурда аскерлер тарабынын белгисиз жайда кармалып турат. Андан соң аскерлер жол картасын сунуштаган. Ага ылайык, алты айдын ичинде башмыйзамды өзгөрткөн референдум, андан соң шайлоолор өтүшү керек. Бирок бийликтен кулатылган Мурсинин тарапкерлери аскерлерди мамлекеттин ички саясий иштерине кийлигишүүсүнө каршылык билдирип көчөгө чыгышууда.

XS
SM
MD
LG