Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:38

Орусия мигранттарга эрежелерди катаалдантат


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, Орусиянын федералдык миграция кызматы визасыз каттам киргизилген өлкөлөрдөн келген мигранттар үчүн 2014-жылдан тарта айрым эрежелерди өзгөрткөнү жатат. Ага ылайык, мигранттарга атайын уруксат талондорун берүү каралган. Бул талондор мигранттардын тышкы паспортуна чапталмакчы. Мындан улам Тышкы иштер министрлиги Орусияга кетип жаткан жарандарга тиешелүү документтерди иретке келтирүүнү эскертүүдө.

Жаштар, эмгек жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, учурда Орусияда расмий түрдө 580 миңден ашык мигрант эмгектенип жүрөт. Бирок бейрасмий маалыматтар боюнча, бул өлкөдөгү кыргыз мигранттарынын саны мындан алда канча көп. (BkA)

XS
SM
MD
LG