Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:12

Кара-Көлдө түндө чыккан өрт өчүрүлдү

25-июлга караган түнү Кара-Көл шаарынын Камбар-Ата көчөсүндөгү эки кабаттуу үйдө өрт чыкты. Тилсиз жоо 140 чарчы метрге чейин жетип, фин тибиндеги жыгач үйдүн алты батири күйгөн. Өрт таңкы саат 06:45де толугу менен өчүрүлдү. Өрт өчүрүүчүлөр алты адамды, алардын ичинде 4 баланы куткарды. Өрттүн себеби жана үй ээлеринин аты-жөнү такталып жатканын "Азаттыкка" бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын башчысы Абдишарип Бекилов билдирди. (YA)
XS
SM
MD
LG