Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:16

Жети-Өгүздө аза күтүү күнү жарыяланды


Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунда 14 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгына байланыштуу 25-июль аза күтүү күнү деп жарыяланды. Бүгүн райондо желектер түшүрүлүп, маданий иш-чаралар белгиленбейт. Бул тууралуу "Азаттыкка" өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Назира Муканбетова билдирди. Каза болгон адамдарды акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн болот. Ушул тапта өкмөттүн облустагы өкүлү Эмилбек Каптагаев ооруканада кырсыкта жабыркагандар менен жолугушуп, ал-абалын сурап жатат.

23-июлда Караколдон Жети-Өгүздүн Кабак айылына багыт алган кичи автобус жол кырсыгына учурап, 14 адам каза тапкан. Учурда 8 адам Караколдогу облустук ооруканада жатат.(КЕ/МК)

XS
SM
MD
LG