Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Июль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:43

Жалал-Абадда ынтымак маселеси талкууланды

Кыргызстан калкы ассамблеясынын облустук бөлүмү бүгүн уюштурган жыйын мамлекеттик тилдин жана улуттар аралык мамиленин абалына токтолду. Анда улуттук тилге шаарлар менен республика борборунда жашагандар, республикалык мекеме-уюмдардын кызматкерлери жакшы көңүл бурбаганы, көбүнчө орусча сүйлөшөөрүнө камтамачылык айтылды. Улуттар аралык мамиледе эл ичинде жүргөн ар кандай ушак-айың сөздөргө ишенбөөгө чакырышып, кемчилик кетирген бир-эки адамдын өз ара чыр-жаңжалын улуттар аралык деңгээлге көтөрбөөгө үндөштү. (YA)
XS
SM
MD
LG