Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:50

Испанияда поезд кырсыгынан каза тапкандардын саны өсүүдө


Кырсыктан көз жумгандардын саны 80ге жетти, 168 адам жабыркап, алардын 95и ооруканаларда калууда. Бийликтер бул сандар дагы көбөйүшү мүмкүн деп кооптонушууда, себеби 36 адам, анын ичинде 4 бала өтө оор абалда.

Кырсыкка учураган сегиз вагондо 247 жүргүнчү болуп, арасында балдар да көп эле. Жабыркагандар Галисиядагы бир нече шаарда ооруканага жайгаштырылды. Жергиликтүү калк алар үчүн кан тапшырууда.

Поезддин тирүү калган машинисти Франсиско Хосе Гарсонго айып тагылып жатат. Ал поезд үчүн коркунучтуу делген жолдун бөлүгүндө саатына 80 км эмес, 180 км ылдамдыкта жүргөнүн моюнга алды. Анткени поезд беш мүнөткө кечигип, алар станцияга өз мөөнөтүндө жетишип калууга аракеттенген.

Кырсык 24-июлда өлкөнүн түндүк-батышындагы Сантьяго-де-Компостела шаарына жакын жерде болгон. Анда тез жүрүүчү поезд темир жолдон чыгып кеткен.

XS
SM
MD
LG