Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:03

Мелис Эшимканов атындагы коомдук фонд журналисттер үчүн сынак жарыялады


Фонддун маалымат кызматынан кабарлашкандай, 2013-жылдын мыкты журналисттерин жана студент журналисттерди тандоо массалык маалымат каражаттарынын бардык түрлөрү: гезит, телевидение, радио жана интернет журналистикасы боюнча жүргүзүлөт. Жеңүүчүгө 100 миң сом берилмекчи. Катышуучуларды тажрыйбалуу журналисттерден түзүлгөн комиссия иргейт.

Мыкты журналист окуяны чагылдыруу чеберчилигине жараша тандалат. Ошондой эле темасы коом үчүн пайдалуу, актуалдуу жана жүйөлүү болушу шарт.

Аталган фонд өткөн жылы да журналисттердин арасында шахмат жана бильярд боюнча мелдештерди өткөргөн. Быйыл бул мелдештер 15-сентябрда өтөт.

Журналист, коомдук ишмер Мелис Эшимканов 2011-жылы дүйнө салган. Былтыр анын атындагы фонд жана журналисттик сыйлык уюштурулган. (AKu)

XS
SM
MD
LG