Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:42

Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттикке жаңы директор дайындалды


Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттикке директор болуп Дүйшөнбек Зилалиев дайындалды. Бул тууралуу өкмөт башчынын маалымат катчысы Мелис Эржигитов билдирди. Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев буга байланыштуу жардыкка 25-июлда кол койгон.

Дүйшөнбек Зилалиев буга чейин Коргоо кеңешинин катчысынын орун басарлык кызматын аткарып жаткан.

Агенттиктин мурдагы жетекчиси Ишимбай Чунуев июнда кызматтан алынган. Өкмөт башчы Чунуевдин ишиндеги кемчиликтерди сындап, "ишенимди актай албаганы үчүн" кызматтан бошотконун жарыялаган. (AKu)

XS
SM
MD
LG