Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:26

"Каркыра": Жумалиев мамлекеттик ишканаларды мыйзамсыз менчиктештирген


“Каркыра” кыймылы мурдагы премьер-министр Кубанычбек Жумалиев бир нече мамлекеттик объекттерди мыйзамсыз менчиктештирип алганын жарыялап, дагы маалымат жыйын уюштурду. Кыймылдын мүчөлөрү Кубанычбек Жумалиев Жалал-Абаддагы канаттуулар фабрикасын, унаа базасын, Кочкор-Атадагы “Касым-Ата” базарын, Арсланбаптагы “Орленок” лагерин, Жалал-Абаддагы тегирменди жана башка мекемелерди, ишканаларды базар баасынан арзан менчиктештирип алганын айтып келишет. Алардын эсептөөсүндө, жалпы чыгым 150 миллион сомдон ашат.

Кыймылдын мүчөлөрү Жумалиевге жана анын жакындарына тиешелүү мекемелерди изилдеп чыкканын, документтик далилдери бар экенин билдиришти.

Кубанычбек Жумалиев кыймылдын айыптоосун кимдир бирөөнүн буйрутмасы катары баалап келет. “Азаттыкка” берген маалыматында, айрым объекттерге такыр тиешеси жок экенин айтса, айрымдарын мыйзам чегинде сатып алганын же үлүшү бар экенин айткан.

Кубанычбек Жумалиев мурдагы президент Аскар Акаевдин бийлиги тушунда өкмөт башчы, транспорт жана байланыш министри болуп иштеген. (UEz/AKu)

XS
SM
MD
LG