Таңкы саат 04:30дар чамасында Ош шаарындагы жол кырсыктан 3 адам каза болуп, 7 киши жаракат алды. Шаардын Монуев көчөсүндө “Део Нубира” жана “Хонда Степ вагон” үлгүсүндөгү машинелер кагышкан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Жабыркагандар Ош облустук ооруканасына жеткирилди. Каза болгондордун арасында “Хонда Степ вагондун” 34 жаштагы айдоочусу бар. Калгандарынын тек-жайы такталууда. Кырсыктын себеби азырынча белгисиз.
23-июлда Жети-Өгүздөгү жол кырсыгынан 14 адам каза болгон. (AKu)