Ош облусунун Ноокат районунда 4 адамды эркине каршы кармап, акы төлөбөй иштетип келген факт катталды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Жоробай Абдраимов билдирди.
Бир жылдан бери акысыз кара жумуш кылып келген жарандардын бири райондук милицияга кайрылган. Төртөө көбүнчө бир жарандын бизнеси үчүн акысыз кыш куйганын айтып, эркине каршы кармалып турушканын ырасташууда. ИИМден билдиришкендей, алар гигиеналык, санитардык абалы начар шартта жашап, иштешкен.
Кылмыш ишин козгоо же козгобоо жүрүп жаткан иликтөөнүн жыйынтыгында белгилүү болот. Эркиндик - адамдардын башкы укуктарынын бири катары Кыргызстандын Конституциясында жазылган. (AKu)