Египетте сот бийликтен кулатылган президент Мухаммад Мурсини жарым ай абакта калтыруу чечимин чыгарды. Мурсиге “адам өлтүрүүлөргө катышкан” жана “Палестинадагы “Хамас” радикал тобу менен кызматташкан” деген айыптар тагылууда. Бул боюнча иликтөө иштери улантылып жаткандыктан, Мурсини камоонун мөөнөтү дагы узартылышы мүмкүн экени эскертилди.
Ал арада бүгүн Каирдин борбордук көчөлөрүн миңдеген полисмендер коргоп турушат. Өлкөнүн коргоо министри бүгүн аскерий жетекчиликке ишеним көрсөтүш үчүн элди массалык демонстрацияга чыгууга чакырган. Египетте аскерий жетекчилик исламчыл президент Мухаммад Мурсини 3-июлда бийликтен кулаткан.(td)