Мындан сырткары банктар, дүкөндөр жабылды. Жумуриятта кечээ оппозициялык лидер Мухаммад Брахминин өлтүрүлгөнүнө нааразы болгон миңдеген эл бүгүн массалык иш таштоого чыккан. Мамлекеттеги секулярдык партиялар элди бүгүн нааразылык демонстрацияларына чакырып, “Эннахда” исламчыл партиясынын бийликтен кетишин талап кылышууда.
Азыркы исламчыл өкмөттүн негизги сынчыларынын бири Мухаммед Брахмини кечээ эки белгисиз куралчан атып өлтүрүшкөнү кеңири наарзылыкты жараткан. Бейшембиде баш калаа Тунисте жана Брахими төрөлгөн Сиди Боузид шаарында миңдеген эл митингдерге чыккан. Полиция демонстранттарды таркатыш үчүн көздөн жаш чыгарчу газ колдонду.