Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:46

Пакистандын түндүк-батышындагы айылдардан 20 адамдын өлүгү табылды


Өлүктөр Ооганстан менен чектеш жерде уруулар башкарган жана “козголоңчул” деп саналган Хайбер провинциясындагы үч айылдан табылганын бүгүн “Азаттыктын” пакистан кызматы кабарлады. Өлкөнүн армиясынын маалымат каражаты “табылган жасаттар ушул айдын башында аймакта болгон аскерий операцияда өлгөн жоокерлердики” деп билдирүүдө. Бул маалыматты азырынча көз карандысыз тарап далилдей элек. Бийликтер өлүктөрдү эч ким алып кетпегендиктен, кечээ жерге беришкенин айтышты.

Бир нече өлүк быйыл жыл башында Багада табылып, ал нааразылыкты тутанткан. Аймактын эли “армия бейкүнөө адамдарды өлтүрүп жатат” деп, митингдерге чыккан эле. Акыркы жылдары бул региондо исламчыл радикалдар менен армиянын атышуулары көп эле кайталанып жүрөт.

XS
SM
MD
LG