Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:44

Орус-АКШ чалгын кызматтары Снуоден боюнча сүйлөшүү өткөрүп жатышат


Эдвард Сноуден (ортодо) бир айдан бери Москва аэропортунда кармалууда
Эдвард Сноуден (ортодо) бир айдан бери Москва аэропортунда кармалууда
Бүгүн орус президенти Владимир Путиндин расмий өкүлү Дмитрий Песков айтканына караганда, азыр Сноудендин тагдыры боюнча орус Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) менен АКШнын Федералдык иликтөө бюросу (ФБР) талкууларды өткөрүп жатышат.

Американын чалгын кызматында мурда контракттык негизде иштеген Эдвард Сноуден чет өлкөлүктөрдүн телефондорун тыңшап, электрондук каттарын окуган жашыруун программа тууралуу кабарды ачыктаганы үчүн мекенинде айыпталган.

Сноуден бир айдан бери Москвадагы “Шереметьево” аэропортунда жатат жана Орусиядан туруктуу башпаанек алыш үчүн арыз берген. Путин ага башпаанек берүүнү караш үчүн талаптарынын бири катары Сноуден АКШга каршы аракеттерин токтотушу керек деген болчу. Дмитрий Песков бүгүнкү билдирүүсүндө “Сноуден Вашингтонду каралаган ишинен баш тартат деп ишенебиз” деди.

XS
SM
MD
LG