Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:02

Каирде каршылашкан тараптардын массалык демонстрациялары өтүүдө


"Мусулман агайындар" кыймылынын жана бийликтен кетирилген президент Мурсинин колдоочулары бүгүн Александрияда армияны колдогондор менен кагылыша кетишти, 26-июль, 2013
"Мусулман агайындар" кыймылынын жана бийликтен кетирилген президент Мурсинин колдоочулары бүгүн Александрияда армияны колдогондор менен кагылыша кетишти, 26-июль, 2013
Ушул сааттарда Египеттин баш калаасы Каирде өлкөнүн утурмдук бийлигинин – армиянын - аракеттерин колдогон демонстрациялар жана, ошол эле маалда, аларга каршы болуп, бийликтен кулатылган президент Мухаммад Мурсиге мамлекет башчылык укуктарын кайтарууну жактагандардын митингдери болуп жатат.

Жүз миңдеген эл көчөгө чыкканы айтылууда. Мурдараак шаардын борбордук көчөлөрүн миңдеген полисмендер коргоп турушканы айтылган. Каирдин борбордук Тахрир аянтына чогула баштагандар “Эл, армия жана полиция бирдикте!” деп кыйкырып жатышты.

Өлкөнүн Коргоо министри бүгүн аскерий жетекчиликке ишеним көрсөтүш үчүн элди массалык демонстрацияга чыгууга кечээтен баштап эле чакырган.

Бүгүн бир аз мурдараак Египетте сот бийликтен кулатылган президент Мухаммад Мурсини жарым ай абакта калтыруу чечимин чыгарган эле. Мурсиге “адам өлтүрүүлөргө катышкан” жана "Палестинадагы “Хамас” радикал тобу менен кызматташкан” деген айыптар тагылууда.

XS
SM
MD
LG