Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:17

Аксыда чек араны тосуу улантылууда


Райондун Кош-Дөбө жана Кербен айыл өкмөттөрүнүн Өзбекстан менен чектешкен жер тилкелеринде мамлекеттик чек араны тосуу улантылууда. Аксынын акими Медет Айдаралиев азырынча кыргыз жана өзбек тараптар тактаган жайлардын бир чакырымдан ашык жерине бетон устундар коюлуп, тикендүү зым тартылганын "Азаттыкка" билдирди.

Аксы району менен Өзбекстандын Анжиян жана Наманган облустарынын чектешкен тилкеси 130дай чакырымды түзөт. Аксы менен Өзбекстандын ортосунда такталбаган 12 жер бар. Аймакта чек ара коопсуздугун сактоо боюнча атайын штаб түзүлгөн. (YA)

XS
SM
MD
LG