Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:42

Пакистанда жанкечтилер 57 адамдын өмүрүнө зобун кылды


Пакистандын түндүк батышындагы кош кабат бомба чабуулунан набыт болгондордун саны 57ге жетти. Бул жөнүндө Associated Press агенттиги кабарлады.

Бомбалар Пакистан-Ооганстан чек арасына чектеш Куррам регионундагы Парачинар шаарында түнкү базарга эл агылып келаткан кезде жардырылган. Бийликтер бомбаны мотоциклчен жанкечтилер жардырганын билдирди. Шиит мусулмандарына каршы багытталган чабуулду ким уюштурганы азырынча беймаалым. Куррам регионунда акыркы мезгилде сунни көпчүлүгү менен шиит азчылыктары ортосундагы тирешүү күч алууда.

XS
SM
MD
LG