Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:33

Орусия Кыргызстанга газ алып келе баштайт


Кечээ эки мамлекеттин энергетика министрлери Орусиядан Кыргызстанга газ алып келүү боюнча келишимге кол койду. Ага ылайык, Орусия жаратылыш газын алып келүү, бөлүштүрүү жана иштетүү милдеттерин алат. Москвада өткөн жолугушуу тууралуу Кыргызстандын Москвадагы элчилиги кабарлады.

Мурда макулдашылгандай, биргелешкен газ компаниясы Орусиянын “Газпром” ачык акционердик коомуна баш иймекчи. Газды алып келип, иштетүүдөн сырткары Орусия Кыргызстандын газ тармагын жаңылоо, оңдоп-түзөө иштери үчүн 5 жыл ичинде 20 миллиард рублдан кем эмес суммада инвестиция салат. Мындан сырткары “Москва айлык акы, жумуш менен камсыз кылуу жана социалдык тармакты колдонуу жагын мойнуна алат” деп билдиришти элчиликтен.

Буга чейин “Кыргызгаз” ишканасын 2 миллиард сом карызы менен кошо Орусиянын “Газпром” ишканасы 1 долларга сатып алып жатканы кабарланган. (AKu)
XS
SM
MD
LG