Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:11

Азия чемпионатында дагы бир коло медаль


Монголиянын борбору Улан-Батордо өтүп жаткан күрөш боюнча Азия жаштар чемпионатынын үчүнчү күнүндө эркин күрөшүнөн 3 салмак боюнча жеңүүчүлөр аныкталды. Мында 42 килограмм салмакта кыргыз балбаны Феликс Бактыбеков коло медаль утуп алды.
Бул тууралуу “Азаттыкка” күрөш федерациясынын вице- президенти Жеңиш Дөңбаев маалымдады.

Бүгүн Монголиядагы Азия чемпионатында эркин күрөштөн 7 салмак боюнча күч сынашуулар уланат. Мында өлкө намысын дагы 7 балбан коргойт.

Кыргыз балбандары Азия чемпионатында азыркыга чейин 4 алтын, 9 коло медалга ээ болушту. Мелдеш бүгүн жыйынтыкталат. (КМа)

XS
SM
MD
LG