Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:54

“Кыргызгаз” Орусияга өттү


“Кыргызгаз” ишканасынын негизинде Орусиянын “Газпромуна” таандык болгон “Кыргызгазпром” аттуу ишкана түзүлмөкчү. Кыргызстан менен Орусиянын газ тармагында кызматташуу келишимине 26-июлда Москвада кыргыз тараптан энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев, орус тараптан энергетика министри Александр Новак кол койду.

Келишимге ылайык, “Кыргызгаздын” бардык активдери жаңыдан түзүлгөн “Кыргызгазпромго” өткөрүлүп берилет. Орусиянын “Газпромуна” таандык болуучу жаңы ишкана Кыргызстанда катталып, Кыргызстан мыйзамдары менен иштейт. Ал ошондой эле “Кыргызгаздын” бюджетке 600 млн. сом, Казакстанга 13 млн. доллар карызын төлөө милдетин алат. Осмонбек Артыкбаевдин айтуусунда, орустар 20 млрд. рубль же 670 млн. доллар деңгээлинде инвестиция жасап, бүт инфраструктураны жаңылайт. Экинчиден, газ сактоочу жайларды курат. Үчүнчүдөн, газ жетпей жаткан жерлерге газ жеткирет. Кыргызстанды газ менен толук камсыздоо милдетин алып жатышат.

Ошондой эле 100 млн. доллар Кыргызстанда газ кендерин издөө, иштетүүгө жумшалмакчы. "Кыргызгаз" ишканасы Орусияга символдуу түрдө 1 долларга сатылды.(ZKo)

XS
SM
MD
LG