Линктер

жума, 20-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 19:03

Израил-Палестин сүйлөшүүлөрү жанданат


АКШ Мамлекеттик департаментинин маалыматы боюнча, сүйлөшүүлөр дүйшөмбү кечинде Вашингтондо уланат. Департаменттин өкүлү Жэн Псакинин кабарлашынча, сүйлөшүүгө Израилден юстиция министри Ципи Ливни баштаган, ал эми Палестинадан Саиб Аракат башында турган делегация катышат.

Израил-Палестин сүйлөшүүлөрү 2010-жылы токтоп калган. АКШ мамкатчысы Жон Керринин аракети менен кайра жанданып жаткан сүйлөшүүлөр жекшембиде Израил 104 палестин туткунун коё берүүгө макулдугун билдиргенден кийин жарыяланып отурат.
XS
SM
MD
LG