Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:44

Испаниядагы поезд кырсыгына машинист айыптуу деп табылды


Бир нече сааттык сурактан кийин, 79 кишинин өлүмүн алып кеткен кырсыкка машинист айыптуу деп табылды. Сот Франсиско Гарсенди эч жакка кетпөө тууралуу тилкаттын негизинде бошотту. Ал жума сайын сотко келип турууга тийиш.

Испаниянын түндүк-батышындагы Сантьяго-де-Компостела шаарына жакын жерде шаршембинин кечинде тез жүрүүчү поезд темир жолдон чыгып кеткен. Кырсыктан 79 адам каза болуп, 130 адам ар кандай оордукта жаракат алышкан.

XS
SM
MD
LG