Ош шаарынын көчөлөрүндө жана имараттарда илинген мамлекеттик туулардын баары жаңыртылат. Кыргызстандын Эгемендик майрамынын 22 жылдыгына карата мекеме-ишканалардагы мамлекеттик тууларды жаңысына алмаштыруу тууралуу буйрукка калаа башчы Мелис Мырзакматов кол койду. 20-августка чейин шаардын баардык жериндеги байрактар жаңыланууга тийиш. Тапшырманын аткарылышын шаардык мэриянын аппарат жетекчиси Айдарбек Казыев көзөмөлдөйт. (SE/RK)