Ысык-Көл облусунун Жол кайгуул кызматынын башчысы Насипбек Калмурзаев иштен алынды. Учурда ал Ошко которулууда. Калмурзаевдин "Азаттыкка" айтымында, анын кызматтан бошотулушуна Жети-Өгүздөгү 23-июлдагы унаа кырсыгы себеп болду.
23-июлда күндүз Караколдон Жети-Өгүздүн Кабак айылына багыт алган кичи автобус жол кырсыгына учураган. 14 адам набыт болуп, 8 адам дагы эле ооруканада жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги айдоочу катуу ылдамдыктан улам унааны башкара албай калганы кырсыкка себеп болушу мүмкүн экенин билдирген. (MK/RK)