Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:54

Муфтият салык үчүн айыпталууда


Кыргызстандын муфтияты өтө чоң өлчөмдө салык төлөбөй койгону үчүн айыпталып жатканын бүгүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен кабарлашты. Социалдык фондго жана Салык кызматына 10 миллион сомдон ашык каражат төлөнбөй калган деген айып менен 22-июлда кылмыш иш козголду. Тергөө жүрүп жатат. Атайын кызматтын айтымында, бул сыяктуу мыйзам бузуу 2011-жылкы ажылыкты уюштурууда да болгон. Бирок муфтият коюлуп жаткан айыптардын баары негизсиз деп эсептээрин бүгүн "Азаттыкка" билдирди. (RK/KE)

XS
SM
MD
LG