Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:10

Таласта милиция менен элдин ортосунда чыр чыкты


Таластын Көк-Сай айлынын тургуну Расул Насирдиновдун “Азаттыкка” билдиришинче, айылдашы Абдымалик Турсункуловдун үйүнөн маңзат табылды деген жүйөө менен маңзатка каршы күрөшүү агенттигинин кызматкерлери бүгүн тинтүү жүргүзгөн. Тинтүү жүргүзүүдө айыл өкмөттүн кызматкерлери күбө катары өтүшкөн. Жергиликтүү эл бул күч органдары тарабынан атайын жасалган деп нааразылык билдирип, натыйжада милиция асманга ок чыгарган.

Абдымалик Турсункулов жана Расул Насирдинов Көк-Сай айылындагы талаштуу аймак боюнча көз карандысыз комиссиянын мүчөлөрү. Көк-Сай айлынын тургундары 7-июлдан 18-июлга чейин Казакстандын Жамбыл облусуна кетчү сугат сууну бууп турушкан. Алар былтыр күзүндө эки өлкөнүн жергиликтүү бийликтери кабыл алган айылдагы 2600 гектар жерди алмашуу боюнча макулдашууга каршы чыгып, мурда Таласка караган жайыт жерлерди кайра алуу талабын коюшкан. Кийин бул жерди аныктоо боюнча жергиликтүү кеңеш атайын көз карандысыз комиссия түзгөн.

Ички иштер министрлиги азырынча бул окуя боюнча маалымат жоктугун билдирүүдө.

Өткөн жумада Көк-Сай маселеси боюнча кыргыз-казак чек арасын демаркациялоо боюнча өкмөттүк комиссиялардын сүйлөшүүлөрү жабык өткөн. Кыргыз тарап сүйлөшүүнүн жыйынтыгы ийгиликтүү болгонун билдирүүдө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG