Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:28

Кыргыз өкмөтү Көк-Сайдагы каналды казактарга ижарага сунуштады


Анын ордуна кыргыз тарап Казакстандан Чоң-Шынаа жайытын ижарага суроодо. Бул тууралуу “Азаттыкка” кыргыз өкмөтүнүн чек ара аймактарын өнүктүрүү жана чек араны тактоо боюнча бөлүм башчысы Курбанбай Искандаров билдирди. Анын айтуусунда, өткөн жума дээрлик беш күнгө созулган эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн алгачкы жыйынтыгы ушундай, бирок бул маселе өкмөттөр аралык деңгээлде да каралат.

Чоң-Шынаа жайытын Казакстан 2001-жылкы келишимдин негизинде өзүнө өткөрүп алган. Өткөн жылы эки өлкөнүн жергиликтүү бийликтери жайыттын Кыргызстанга караган жагын казактарга, ал эми Казакстанга караган жагын кыргыздарга пайдаланууга берүү тууралуу макулдашкан. Көксайлыктар аталган жайыт союздун тушунда Кыргызстанга таандык болгонун белгилешип, жер алмашууга каршылык иретинде 11 күн бою Жамбылга кетчү сугат каналын бууп турушкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG