Санкциянын айынан Кытайга сатылган мунай үчүн метронун вагондорун алууга аргасыз болгонун Иран бийлиги билдирүүдө. Транспорт министринин орун басары Эмир Жафарпурдун айтуусунда, Иран өкмөтү Кытайдан метро үчүн 315 вагон алды, анын сөзү боюнча мунай үчүн алынуучу миллиарддаган долларлар эл аралык санкциянын айынан Кытайдан алынбай, токтоп турат.
Батыш өлкөлөрү Иранды өзөктүк программасы үчүн айыптап, бир катар эл аралык санкцияларды киргизилген. Иран мунай акысын бартер иретинде, товар алмашуу менен алууга аракеттенүүдө.
Батыш өлкөлөрү Иранды өзөктүк программасы үчүн айыптап, бир катар эл аралык санкцияларды киргизилген. Иран мунай акысын бартер иретинде, товар алмашуу менен алууга аракеттенүүдө.