Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:23

Көк-Сайдагы жаңжал боюнча кылмыш иш козголду


Таластын Көк-Сай айылындагы кечээ күнкү окуяга байланыштуу "бейбаштык" жана "алдын ала тергөө учурунда коркунуч жаратып, күч колдонуу" деген беренелер боюнча кылмыш иш козголду. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Жоробай Абдраимов билдирди. Анын айтымында, Көк-Сайда азыр абал тынч. Кечээ Маңзат көзөмөл кызматынын эки өкүлү аталган айылдын тургунунун үйүнөн 6 килограммдык өзгөчө жыты бар жашыл зат тапкан. Ал зат күбөлөрдүн көзүнчө алынган.

- Бирок 25 чакты жергиликтүү тургун чогулуп маңзат көзөмөл кызматкерлерин муунтуп, сабаган. Алар айдап жүргөн унаадан далил затты тартып алууга аракет жасаган. Аларды коштоп жүргөн милиция кызматкери эскертүү иретинде эки жолу асманга ок чыгарууга аргасыз болгон. Окуя болгон жерге милициянын кошумча күчү келген. 100дөй киши чогулуп, милицияга кол салган, кызматтык унаасын талкалаган, - деди Абдраимов.

Ал эми кечээ нааразылыкка катышкан жергиликтүү тургундардын "Азаттыкка" айтымында, алар Абдымалик Турсункуловдон маңзат табылды дегенди шантаж деп эсептейт. "Себеби Турсункулов Көк-Сай айылындагы казак тарап менен талаштуу аймак боюнча көз каранды эмес комиссиянын мүчөcү", - дешет жергиликтүүлөр.

Кылмыш иш Кара-Буура райондук ички иштер башкармалыгында козголду. (RK)
XS
SM
MD
LG