Кыргыз-өзбек чек арасындагы Баткендин Чарбак айылында жаңы фелдшердик-акушердик пункт пайдаланууга берилип жатат. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба агенттигинен кабарлашты. Жыл башында Чарбактын тургундары менен Өзбекстандын Сох анклавындагы Хушяр айылынын жашоочуларынын ортосунда чыр чыккан. Хушярлыктар кыргыз айылына кирип келип, 30 адамды барымтага алып, бир канча унааны талкалаган. Ошол жаңжалдан кийин бул айылга көңүл бурулуп, Сохту айланып өткөн жол, таза суу каналдарын салып, заманбап ФАП менен спорт зал, ошондой эле чек арачыларга жатак куруу үчүн кыргыз өкмөтү 350 миллион сомдой акча бөлгөн. (RK)