Учурда Кыргызстандын аймагында уулуу калдык көмүлгөн 50 жай бар. Бул тууралуу бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Ал жерлерде жалпысынан 680 миллион куб метр радиоактивдүү калдык көмүлүп турат. Мындай жагдай, адистердин айтымында, жалаң гана Кыргызстан эмес, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандын 5 миллионго жакын тургуну жашаган аймакта экологиялык катастрофа коркунучун жаратып келет. Кыргызстанда табигый кырсыктардын дүйнөдө көп катталчу 70 түрүнүн дээрлик баары, вулкан жана тайфундан башкасы болуп турат.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, соңку кезде Кыргызстанда адам өлүмүнө жана ири экономикалык чыгымдарга алып келген жаратылыш кырсыктары көп катталууда. Аларды алдын алуу жана кесепеттерин жоюудагы жаңы ыкмалар жарандык коргонуу тармагынын 22 жылдыгына арналып жакында өткөрүлгөн конференцияда талкууланды. (RK)