Ооганстанда атайын аскерий операцияда 24 саатта 50 козголоңчу өлтүрүлдү
Жумурияттын Коргоо министрлигинин расмий өкүлү Давлат Вазири бүгүн “Азаттыктын” ооган редакциясына кабарлагандай, өлкөнүн чыгышында жүрүп жаткан операцияда өлтүрүлгөн жикчилердин арасында чет өлкөлүктөр да бар:
- Региондо ооган күчтөрү жүргүзүп жаткан операцияны “Симорг” деп атадык. Арюуб районундагы операцияда козголоңчулардан 50дөй киши өлтүрүлдү. Арасында чечен, араб, өзбек, пакистандык жана башка чет өлкөлүк жикчилер да бар. Козголоңчулардын командири Мирваиз да өлтүрүлдү.
Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө Нангахар, Пактия жана Логар провинцияларындагы операция “ийгиликтүү жана ырааттуу өтүп жатканы” белгиленет. Кечээ министрлик “ооган аскерлери бир аптага созулган башка операцияда 83 козголоңчуну жок кылышканын” кабарлаган. Ооганстанда полиция менен улуттук армия коопсуздукту камсыз кылуу озуйпасын өткөн айда өздөрүнө алышкан. Келерки жылы ооган жеринен чет өлкөлүк аскерлер чыгарылышы пландалууда. (TD)