Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:14

Москвада жүздөгөн мигранттар кармалды


Москвада полиция шаардагы базарларда рейд өткөрүп, жүздөгөн мигранттарды кармап кетти. Соңку рейдди полиция өткөн аптанын этегинде “Матвеевский” базарында полицияны ур-токмокко алган кылмыштуу топко каршы өткөргөн. Ишембиде полиция базардан 15 жаштагы кызды зордуктаган кишини издеп жатканда аларга белгисиз бирөөлөр кол салышкан эле. Бир полициячы ошол окуяда башынан катуу жаракат алып, азыр оруканада жатат.

Москва полициясынын расмий өкүлү билдиргендей, бүгүн таңкы рейдде үч башка базардан 470 адам камакка алынды. “Бойго жете элек кызды зордуктаган” жана “полициячыны урган” деп шектелгендер колго түшүрүлдү.

Москванын базарларында постсоветтик өлкөлөрдөн жана Орусиянын көбүнчө мусулмандар отурукташкан Түндүк Кавказ республикаларынан жүз миңдеген мигранттар иштейт.

XS
SM
MD
LG