Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:08

WikiLeaks чатагынын күнөөкөрү башкы айып боюнча акталды


АКШ соту катардагы аскер Брэдли Мейнингди “душманга көмөктөшкөн эмес” деп тапты. Ал тыңчылык, уурулук, компьютердик көз боемочулукка байланыштуу он тогуз айып боюнча күнөөлүү деп табылды. Ага ылайык Мейнинг АКШ армиясынын чалгын бөлүмүндө аналитик болуп иштеп жүргөн кезинде WikiLeaks сайтына жети жүз миң беттен ашуун маалымат берген, анын ичинде Ооганстандагы жана Ирактагы согуш тууралуу аскерий отчеттор жана дипломаттык каттар болгон.
Аскер соту Деннис Линддин чечимине ылайык Брэдли Мейнинг өмүр бою түрмөгө кесилбейт, бирок калган айыптоолор боюнча деле 128 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Ага кандай жаза чектөө боюнча жараян шаршембиде башталат.

XS
SM
MD
LG