Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:50

Кыргызстандык мигранттын өлүмүнө байланыштуу иш сотко ашырылат


Кыргызстандык мигрант, 22 жаштагы А. Майлыбаевди өлтүргөн деп айыпталып жактан орусиялык футболист Михаил Рекудановдун иши күзүндө сотко ашырылат. Учурда иш боюнча соттук-медициналык экспертиза жана башка тергөө амалдары жүрүп жатканын Москва милициясы Орусиядагы кыргыз элчилигине билдирген. Элчилик тараткан маалыматта айтылгандай , акыркы убактарда интернетте футболистти колдоо өнөктүгү күч алгандыктан, Москвадагы кыргыз элчилиги бул иш боюнча акыйкат тергөө жүргүзүүнү камсыздоосун сурап, Орусиянын укук коргоо органдарына кайрылган эле.
Кыргызстандык мигрант Атай Майлыбаев үстүбүздөгү жылы Москвада 23-майда бычакталып өлтүрүлгөн. Атайдын өлүмүнө шектелип кармалган Михаил Рекуданов Москва облусундагы Люберцы шаардык сотунун чечими менен камакка алынган. Ал Москвадагы белгилүү “Торпеда” футболдук клубунун мурдагы оюнчусу, профессионалдык футбол менен 10 жылдан бери машыгып жүргөн.(ZKo)

XS
SM
MD
LG