Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, Сузак районундагы Үч-Эмчек аймагында 20 гектар токой өрттөндү. Өрт өчүрүүчүлөрдүн аракети менен өрт үч сааттын ичинде өчүрүлгөн. Ошондой эле 29-июлда Базар-Коргон районундагы Таш-Булак капчыгайында өрт 7 гектар токойду жалмап кетти. Учурда өрттүн себептери жана андан келтирилген жалпы чыгымдар эсептелүүдө.
ӨКМ күндүн кескин ысыганына байланыштуу Талас, Лейлек, Аксы жана Нарын райондорундагы токойлордо жана Базар-Коргон, Токтогул, Жети-Өгүздө өрт чыгуу коркунучу жогору экенин билдирип, жарандарды сак болууга чакырууда.(ZKo)