Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:16

Кыргызстанда эгиндин 50% чабылды


Айыл, суу чарба министрлигинин маалыматы боюнча июль айынын аягында дан эгининин жарымы орулуп бүттү. Тагыраак айтканда, жалпы 484,3 миң гектар аянттагы эгиндин 213 миң гектары жыйналып алынды. Анын ичинен 138 миң гектар жерден буудай, 74 миң гектар жерден арпа орулду. Буудайдын орточо түшүмдүүлүгү 1 гектарынан 28,5 центнер болууда, бул өткөн жылга караганда дээрлик 10 центнерге көп. Ал эми арпанын орточо түшүмдүүлүгү гектарынан 24 центнер болууда.
Бүгүнкү күнгө карата 391,7 миң тонна буудай жыйналды, бул өткөн жылга караганда 160 мин тоннага көп. Арпа-буудайдын түшүмдүүлүгү быйыл Ноокен жана Кемин райондорунда арбын, Кеминдик дыйкандар быйыл буудайды өткөн жылга салыштырмалуу 200 миң тонна жыйноого даярданышууда деп маалымдайт айыл, суу чарба министрлиги.
Маалыматтар боюнча Баткен, Жалал-Абат, Ош облустарында, Чүйдүн айрым райондорунда эгин чабылып бүттү.
Расмий маалыматтар боюнча кыргызстандыктар жылына 1 млн. тонна буудай керектейт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG