Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:41

Акыйкатчынын Жалал-Абаддагы өкүлү эл менен жолугууда


Акыйкатчынын Жалал-Абаддагы өкүлү Алима Аманова бүгүн Базар-Коргон районунун активи жана Бешик-Жон айылынын эли менен жолукту. Ал адам укугу бузулганда мыйзамдуу жолдор менен кимге кайрылса болоорун, укук бузууларды алдын алуу тууралуу кеңири маалымат берди. Жолугушууга 60тай киши катышты. Алар коррупцияга каршы күрөштө абал өзгөрбөй жатканын, күч түзүмдөрүндө жемкордук бар экенин, жергиликтүү бийлик адам укугуна жакшы көнүл бурбай, электр үчүн төлөмдөр ашыкча жазылып калып жатканын айтып даттанды. Мындай иш-чара эртең Сузак районунда, кийин облустун бардык райондорунда "Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясынын колдоосу менен өткөрүлөт. Акыйкатчынын облустагы өкүлчүлүгүнө жыл башынан бери 500 кайрылуу түшкөн.Облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы жолугушууда милицияга карата айтылган сынды четке какты. (YA/RK)

XS
SM
MD
LG