Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:49

“Останкинодо” өрт чыкты


Москвадагы “Останкино” телеборборунда өрт чыкты. Полициянын алдын ала айтуусуна караганда, кырсыкка зымдын күйүшү себеп болушу ыктымал. Адистер окуя болгон жерден күйгөн зымдын кесиндисин изилдөөгө алып кетти. Өрт “Останкинонун” техникалык бөлүмүндө кечээ кечинде чыккан. Миңден ашуун киши сыртка чыгарылган. Жабыркагандар болгон жок. Телеборбордун маалымат катчысы Денис Назаровдун айтымында, обого “Останкино” аркылуу чыккан бир дагы каналдын иши үзгүлтүккө учураган жок. 2005-жылы да бул жерде өрт чыгып, бир студия жарактан чыккан. Ал эми 2000-жылы “Останкинодо” өрт кырсыгында 3 киши мерт кеткен. (RK)
XS
SM
MD
LG