Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:36

Орусия: Оппозиция митингге чыгат


Орус оппозициясынын өкүлдөрү ушул жекшембиде Москвада митингге чыкканы жатат. Бүгүн алар шаар бийлигинен уруксат алып, нааразылык акциясы кайсы жерде өтөөрүн такташты. Москванын аймактык коопсуздук департаментинин башчысы Алексей Майоровдун айтымында, 500 киши катыша турган митинг Суворов аянтында өтмөй болду. Анын катышуучулары Болотная окуясы боюнча айыпталып жаткандарга колдоо көрсөтүү үчүн чыкканы жатат. Акцияны уюштуруучулардын бири Михаил Аншаковдун айтымында, митингде ошондой эле Мамлекеттик думаны жана президентти мөөнөтүнөн эртелей кайра шайлоо талап кылынат. Былтыр май айында Москванын Болотная аянтында оппозициянын ири акциясында полиция менен кагылышуу болгон. Бул окуя боюнча кылмыш иш козголуп, 20 кишиге айып тагылган. Оппозиция муну саясый куугунтук деп эсептейт. (RK)

XS
SM
MD
LG