Таластын Көк-Сай айылында табылган маңзат марихуана экени аныкталды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Маңзат көзөмөл кызматынын батыш башкармалыгынын ага тергөөчүсү Бакыт Сатымкулов билдирди. Анын айтымында, 19-июлда аталган айылда 20 сотка жерде өстүрүлүп жаткан маңзат боюнча ачылган кылмыш иш тергелүүдө.
Күч түзүмдөрүнүн айтымында, 8 килограммдык маңзат 29-июлда Көк-Сай айылынын тургуну Абдымалик Турсункуловдун үйүнөн күбөлөрдүн көзүнчө табылып, алынган. Бирок 100гө жакын жергиликтүү тургун милиция жана маңзат көзөмөл кызматкерлерин ур-токмокко алып, "башкача жыттанган, жашыл түстөгү" бул далил затты кайра алууга аракет жасаган. Бул окуя боюнча өзүнчө кылмыш иш козголду.
Ал эми Турсункуловдун тарапкерлери андан маңзат табылды дегенди шантаж деп эсептейт. "Себеби Турсункулов Көк-Сай айылындагы казак тарап менен талаштуу аймак боюнча көз каранды эмес комиссиянын мүчөcү", - дешет жергиликтүүлөр. (MbA/RK)