Бүгүн Аксынын Жаңы-Жол айылдык милициясынын алдына чогулган кырк-элүүдөй адам аталган айылдын милиция инспекторуна нааразылык билдирди. Алар инспектор Чынгыз Аташовду автоунаадан жана базарга мал айдагандардан акча алган деп айыптап, анын машинасын оодарууга жана милиция имаратына кол салууга аракет жасады. Бул тууралу жергиликтүү тургун Бакыт Молдалиев билдирди. Чынгыз Аташов ага коюлган айыптардын баары далилсиз деп четке какты. Аксы райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Абдурашид Керимбеков Аташовду кызматтан убактылуу четтеткенин, жергиликтүү тургундарга анын мыйзамсыз иштери болсо прокуратурга кайрылуу керек экенин айтканын билдирди. (YA/RK)